Шашылыш эскертүү: жакынкы сааттарда Бишкекте катуу шамал болушу күтүлүүдө
Поделиться в:
Бүгүн, 24-апрелде жакынкы 3 саатта Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамалдын болушу күтүлүүдө. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Катуу шамал жана жаанда Бишкекте дарактар кулашы мүмкүн. Мындан тышкары катуу шамалдын жарнак такталарын жана үйдүн чатырларын алып кетүү коркунучу бар. Унааларды дарактын түбүнө токтотпоону жана абайлап жүрүүнү ӨКМдан эскертишти.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-eskert-zhakynky-saattarda-bishkekte-katuu-shamal-bolushu-ktld
Добавить комментарий ×