Шашылыш эскертүү: Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөйт
Поделиться в:
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшү тууралуу маалымат таратты.
10-12-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлүүдө.Республиканын аймагынын көп бөлүгүндө жамгыр жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорго кар түшөт.
Ош, Жалал-Абад областынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.
8-апрелде Бишкек-Ош (Тоо-Ашуу, Ала-Бел ашууларында), Ала-Бука-Каныш-Кыя (Чапчыма ашуусу), Каракол-Энилчек (Чон-Ашуу ашуусу) жолдорунда кар көчкүсү түшүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-eskert-kyrgyzstanda-abanyn-temperaturasy-keskin-tmndjt
Добавить комментарий ×