Шашылыш билдирүү! Жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт

10 марта 2021 11:24 1696 Barometr
Поделиться в:
ok

10-марттан 15-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолу райондорго жана унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

"10-марттан 15-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш унаа жолунун 165-180-чакырымдарында (Талдык жана Катын-Арт ашуулары), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-136-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу)  кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-zhaan-chachynga-bajlanyshtuu-unaa-zholdordo-kar-kchk-tshs-ktlt



Добавить комментарий