Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө
Бөлүшүү:
21-июндан 22-июнга караган түнү өлкө аймагында нөшөрлөп жаан жаап, тоолуу райондордо кардын жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаайт. Тоолуу райондордо Нарын, Ысык-Көл ойдуңунда нөшөрлөп жамгыр төгөт. Ал эми Бишкек шаарында 21-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 22-23-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Апта аягына чейин күндүн көзү ачылбайт деп айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-tooluu-ajmaktarda-kar-zhaashy-ktld
Добавить комментарий ×