Шашылыш билдирүү! Төө-Ашуу, Чычкан сыяктуу тоолуу аймактарга кар көчкүсү түшүүсү күтүлүүдө

15 января 2019 12:36 1085 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Төө-Ашуу, Чычкан капчыгайы сыяктуу тоолуу аймактарында кар көчкүсү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн 15-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү жасады. 

Маалыматта айтылгандай, 2019-жылдын 16-январынан 18-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. 

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-t-ashuu-chychkan-syyaktuu-tooluu-ajmaktarga-kar-kchks-tshs-ktld



Добавить комментарий