Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда абанын температурасы 37-39°ка чейин жогорулашы күтүлөт

26 июля 2019 10:40 8452 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 26-29-июлдарда жана 1-3-августарда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 27-июлдан 3-августка чейин 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирет№

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн, күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 25-июль күнү №02-34/690-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. 

26-июль күнү Республиканын аймагында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-kyrgyzstanda-abanyn-kndzg-temperaturasy-chj-rnnd-37-39ka-chejin-zhogorulashy-ktlt



Добавить комментарий