Шашылыш билдирүү: Ченемден тышкары абанын температурасы жогорлашы күтүлөт!
Кыргызстанда 2019-жылдын 1-3-августунда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 30-июлдан 3-августка чейин 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 25-июль күнү №02-34/690-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-chenemden-tyshkary-abanyn-temperaturasy-zhogorlashy-ktlt
Добавить комментарий ×