Шашылыш билдирүү! Бүгүн абанын ысыктыгы 40 градуска жетет

10 июль 2018 19:30 1297 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда 2018-жылдын 10-июлунда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт: абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26°, бийик тоолордо 15…20º  жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт. Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

2018-жылдын 10-июлунда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. 

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-bgn-abanyn-ysyktygy-40-graduska-zhetet



Добавить комментарий