Шашылыш билдирүү: ашууларда көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болот. Тизме
17-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Каракол - Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 64-90 чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМдин 2020-жылдын 14-февраль күнү №02-34/131 телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.
Ошондой эле, КР ӨКМдин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-ashuularda-kchk-tshp-kar-krtks-pajda-bolot-tizme
Добавить комментарий ×