Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот

30 ноября 2018 10:13 891 Barometr
Поделиться в:
ok

2018-жылдын 30-ноябры күндүз жана 1-декабрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт, 30-ноябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.  Бул тууралуу ӨКМ  кабарлады. 

Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 1-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. 

 1-2-декабрда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15° күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -13…-18°, күндүз 0…-5° суук, бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24°, күндүз -8…   -13° суук болушу күтүлөт.

 Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт. Катуу жаан  жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

 2018-жылдын 30-ноябрынан 3-декабрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2018-жылдын 28-ноябрында жана 2018-жылдын 29-ноябрында елефонограммалары даярдалып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. 

Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы Кризистик кырдаалдар башкаруу борбору тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген, кошумча телеканалдардан тиешелүү маалыматтар берилген. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-ashuularda-kar-kchk-tshc-zhana-kar-krtks-ktlt-zholdor-tajgak-bolup-muz-ot



Добавить комментарий