Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт

12 января 2021 14:34 1514 Barometr
Поделиться в:
ok

Шашылыш билдирүү! 2021-жылдын 13-январынан 16-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМдин Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 61-85 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. 

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 


 

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-ashuularda-kar-kchk-tshc-zhana-kar-krtks-ktlt



Добавить комментарий