Шашылыш билдирүү. 3-5 июнь күндөрү тоо этектеринде кар жаайт
Өзгөчө кырдаал министрлигинин маалыматына караганда, 3-июнда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 4-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунундо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-3-5-iyun-kndr-too-etekterinde-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×