Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда мөндүр жаашы күтүлөт

23 мая 2022 10:09 1842 Barometr
Поделиться в:
ok

2022-жылдын 23-майында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып "Барометр" билдирет 

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2022-жылдын 23-майында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-23-majynda-kyrgyzstanda-mndr-zhaashyktlt



Добавить комментарий