Шашылыш билдирүү! 15-17-февралдарда жааган жаанга байланыштуу кар көчкү күтүлүүдө
2019-жылдын 15-февралынан 17-февралына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшөт. Бул тууралуу ӨКМ шашылыш билдирүү жасады.
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 176-185-чакырымдарында (Талдык ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90- чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот-деп жазылат маалыматта.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын ӨКМ кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/shashylysh-bildir-15-17-fevraldarda-zhaagan-zhaanga-bajlanyshtuu-kar-kchk-ktld
Добавить комментарий ×