Шайырбек Абдырахманов КТРКнын директорунун орун басары болуп дайындалды

23 июня 2018 02:30 1588 Barometr
Поделиться в:
ok

Белгилүү журналист Шайырбек Абдырахманов КТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ал жергиликтүү сайттардын бирине билдирди.

КТРКнын байкоочу кеңешинин жыйыны 21-июнда болуп, ага катышкан байкоочу кеңештин 12 мүчөсү тең Абдырахмановдун талапкерлигин жакташкан. Маалым болгондой, Шайырбек Абдырахманов КТРКнын башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары катары иш алып бармакчы. Буга чейин бул кызматты белгилүү драматург, журналист Кайрат Иманалиев көп жылдардан бери жетектеп келген.

Ссылка: https://barometr.kg/shajyrbek-abdyrahmanov-ktrknyn-direktorunun-orun-basary-bolup-dajyndaldy



Добавить комментарий