Шайтанды чыгаруу ырым-жырымында жети киши каза болду

18 января 2020 13:15 3378 Barometr
Поделиться в:
ok

Панаманын айылдарынын биринде шайтанды чыгаруу ырым-жырымында жети киши каза болгонун Associated Press басылмасы жазды

Үч ай мурун жергиликтүү бир нече тургун "Кудайдын жаңы жарыгы" аттуу христиандардын анча белгилүү болбогон сектасына киришкен. 11-январда сектанын мүчөлөрүнүн бири ага аян түшкөнүн айткан. Ал Кудайды көрүп, Кудай айылдын тургундары күнөөлөрүн моюнга алышын талап кылганын билдирген. Ал эми мындай талапка көнбөгөндөрдү өлтүрүү керектигин айтканын кошумчалаган.

Сектанын ондой мүчөсү айыл тургундарын күч менен чиркөө катары колдонуп жүргөн чакан бөлмөгө алып киришкен. Алардын колу-бутун байлап, таяк жана Библия китеби менен сабап, күнөөсүн моюнга алып, өкүнүшүн талап кылышкан.

Ал жерден үч киши качып кеткенге үлгүрүшкөн. Алар калың токойду аралап келип, калктуу конуштардын бириндеги ооруканага кайрылышкан. Жабыркагандар башынан өткөргөндөрүн жергиликтүү укук коргоо органдарына айтып берип, окуя калың элге белгилүү болгон.

Прокурор Рафаэл Балойес (Rafael Baloyes) окуя болгон жерден бардык нерселерди күткөнүн, бирок ал жакка келгенде көргөн көзүнө ишенген эмес. Диний сектанын мүчөлөрү бычак менен куралданып, эчкини курмандыкка чалганга үлгүрүп, жергиликтүү тургундарды коркутуп-үргүтүп, кыйноону токтоткон эмес. Андан сырткары чиркөө делген бөлмөдөгү аялды жылаңачтап салышкан.

Полиция жаракат алган 14 кишини куткарышкан, алардын арасында кош бойлуу эки келин жана балдар да болгон.

Чиркөөдөн анча алыс эмес жерден жаңы мүрзөнү таап, ал жактан диний ырым-жрым учурунда каза болгон жети кишинин сөөгүн табышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/shajtandy-chygaruu-yrym-zhyrymynda-zheti-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий