Боронов: Шайлоого даярбыз
Шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом каралган. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
"Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыгып бекитилген. Учурда анын негизинде иштер жүргүзүлүп жатат”, - деп билдирди премьер-министр Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, жеке коргонуучу каражаттар, дезинфекциялоочу каражаттар, бет каптар менен толук камсыздалды. Шайлоого республикалык бюджеттен 723 млн сом каралып, 29-сентябрга карата 478,1 млн сом Борбордук шайлоо комиссиясына которулуп берилген, өздөштүрүлүп жатат.
“Шайлоого даярбыз. Мен ойлойм, ар бир жаран өзүнүн жарандык милдетин аткарып, шайлоого катышып, добушун өзү тандаган партияга берет деп ишенем! Учурдан пайдаланып, шайлоочуларга, партияларга шайлоону өткөрүү боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү кызматкерлерге санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого чакырабыз. Биз үчүн баарынан кымбаты – ар бир жарандын ден соолугу”, - деп билдирди премьер-министр.
Ссылка: https://barometr.kg/shajloo-keselerde-atajyn-sanitardyk-algoritm-menen-ish-alyp-baryshat
Добавить комментарий ×