Шайлдабекова кайсы учурда шайлоо жокко чыгарылышы мүмкүн экенин айтты
Бүгүн, 24-сентябрда пресс-конференция учурунда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кайсы учурда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жокко чыгарылышы мүмкүн экенине токтолду. Ал өзгөчө кырдаал же аскердик абал киргизилген болсо, шайлоо өткөрүлбөйт деп түшүндүрүп, калган жагдайларда шайлоо процесси өтөрүн айтты. Бул тууралуу анын пресс-конференция учурунда берген маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
“Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болуп, шайлоо маселесин чечилет деп үмүттөнөбүз. Мындан тышкары, эпидемиологиялык кырдаал дагы деле уланып, экинчи жана үчүнчү толкундар болушу мүмкүн. Ушул этапта биз шайлоону коопсуз өткөрүү боюнча иш-аракеттердин жакшы алгоритмин иштеп чыктык », - деди ал.
Шайлдабекова ар бир шайлоочуга коргоочу шаймандар бериле тургандыгын айтты.
“Биометрикалык маалыматтарды тапшыруудан тышкары, бардык процедура кол кап менен жүргүзүлөт. Ал эми колдонулган шаймандар ар бир шайлоочуга чейин жана андан кийин тазаланып турат», - деди БШКнын башчысы.
Ссылка: https://barometr.kg/shajldabekova-kajsy-uchurda-shajloo-zhokko-chygarylyshy-mmkn-ekenin-ajtty
Добавить комментарий ×