Шаиста Шатманова Финполицияга суракка чакырылды

14 марта 2019 16:59 2633 Barometr
Поделиться в:
ok

«Супер-инфо» гезитинин жетекчиси Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) суракка чакырылды. Бул тууралуу  Super.kg порталына шилтеме берүү менен “Азаттык” маалымдады.

Шатманова аны Финполицияга чакыргандарынын себеби «ЖМКны колдоо борборунун» сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калган жаңылыш маалымат негиз болгонун айтты.

«Супер-инфо» гезитинин кожоюну, мурдагы элчи Кылычбек Султан  кыскача комментарий берип, муну «гезитти тартып алуу же оозун жабуу аракети болушу мүмкүн» деп билдирген.

Финполициянын басма сөз кызматкери Анастасия Пискур маалыматты тактап жатканын билдирди.

«ЖМКны колдоо борбору» - Бишкектеги өз алдынча басмакана. «Freeodom House» уюму тарабынан ачылган мекеме 2003-жылдан бери түстүү басылмаларды басып чыгарат. Сайты msc.kg деп аталат.  

Ссылка: https://barometr.kg/shaista-shatmanova-finpoliciyaga-surakka-chakyryldy



Добавить комментарий