Шаардык кеңештин депутаты Бишкектеги мунай базаларынын кооптуулугун айтты

28 мая 2019 11:04 779 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин борборунда ондогон мыйзамсыз мунай базалары бар. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешининин кезектеги сессиясында депутат Сайдахмат Исмаилов билдирди.

Депутат Жалал-Абад шаарындагы мунай базасында болгон ири өрт кырсыгын эскерип өттү. 

“Бишкектеги мыйзамсыз мунай базалары турак үйлөргө 10 метрдей эле жакын жайгашкан”,-деп айтты Исмаилов.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров бул маселе бир нече ирет көтөрүлгөнүн, бирок аткаруу бийлигинен ушул кезге чейин так бир жооп келе электигин белгилеп өттү.

Мунай базалары тууралуу маселени сессиянын күн тартибине киргизүү каралды жана анда Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын маалыматы угулат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/shaardyk-keeshtin-deputaty-bishkektegi-munaj-bazalarynyn-kooptuulugun-ajtty



Добавить комментарий