Шаардык Кеңеш Суракматовду Бишкек шаарынын мэрлигине шайлады
Бүгүн, 8-августта Бишкек шаардык кеңештин депутаттар калаа башчысын шайлады. Алгач шаардык кеңештин депутат Канатбек Мүзүралиев талапкердин программасын угуу сунушун берди. Ал мэрия алдында митинг өтүп жатканын да эскертти. Бирок дагы бир депутат Валентина Лисниченко шаар мэрлигине талапкердин программасын укпай туруп добуш берүүнү сунуштап, депутаттар аны колдоду.
Ошентип добуш берүү учурунда жалгыз талапкер Азиз Суракматовду колдоп 43 депутат “макул” деп добуш берди. Ал эми бир депутат “каршы” деп добуш берди.
Шаардык кеңеште беш фракция бар - КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Республика - Ата Журт", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан". Жыйынга 45 депутаттан 44 депутат келгени кабарланды.
Ссылка: https://barometr.kg/shaardyk-keesh-surakmatovdu-bishkek-shaarynyn-merligine-shajlady
Добавить комментарий ×