Сербияда автобус менен поезд кагылышып, мектеп окуучулары мерт болду

22 декабря 2018 10:06 1681 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кечээ, 21-декабрда Сербияда балдарды мектепке ташыган автобус менен поезд кагылышкан. Катуу кагылышуунун жыйынтыгында поезддин вагону релизден чыгып, ал эми автобус экиге бөлүнүп кеткен. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылыйык, кырсык жергиликтүү убакыт менен 07:30 чамасында болгон. Жыйынтыгында 3 киши мерт кеткен жана 22 адам жаракат алган. Көз жумгандардын экөөсү мектеп окуучулары экендиги аныкталды. Жаракат алгандардын алтоосу оор абалда оорууканага жеткирилгендиги айтылууда.

Окуя Сербиянын түштүгүндөгү Ниш шаарында болгон. Бүгүн кырсык болгон аймактагы жалпы каттамдар токтотулуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда авариянын келип чыгуусуна айдоочулар себепкер болгон.


Ссылка: https://barometr.kg/serbiyada-avtobus-menen-poezd-kagylyshyp-mektep-okuuchulary-mert-boldu



Добавить комментарий