Сентябрь айында АИ-80 үлгүсүндөгү бензин 6 сомго кымбаттады

30 сентября 2021 21:07 1555 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук статистикалык комитет бүгүн, 30-сентябрда бензиндин жана дизель отунунун баасы тууралуу мониторингди жарыялады. Бул тууралуу аталган ведомствого таянуу менен “Барометр” билдирет.

Сентябрь айында АИ-95 маркасындагы бензиндин баасы орточо алганда 1,4 сомго кымбаттап, литрине 61,67 сомго сатылды.

АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 1 айда 0,73 сомго жогорулап, литирине 56,9 сомдон сатылды.

АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 6 сомго кымбаттап, литрине 54,55 сомго чейин сатылды.

Дизель отунунун баасы 0,7 сомго наркы жогорулап, 51,51 сом болду.

Ссылка: https://barometr.kg/sentyabr-ajynda-ai-80-lgsndg-benzin-6-somgo-kymbattady



Добавить комментарий