Валентина Шевченко эжесине: Сен менин баатырымсың!

17 мая 2021 10:09 1418 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok

UFCнин жеңил салмактагы беш жолку чемпиону Валентина Шевченко атаандашынан жеңилип калган бир тууган эжеси Антонина Шевченкого дайыма жанында болоорун айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасынан шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

"Сен менин баатырымсың. Дайыма күч-кубат берген, үлгү ала турган адамымсың. Кымбаттуу эже, мен сени аябай жакшы көрөм! Дайыма жаныңда болом", — деп жазган Валентина Шевченко.

Эске салсак, беттеш кечээ, 16-май күнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында өттү.

Америкалык мушкер каршылашын колун кайруу ыкмасы менен жеңип алды. Антонина Шевченко экинчи раунд бүтөрүнө сегиз секунд калганда утулду. Ал ага чейин эки мүнөттөй Линин буту менен муунтуу ыкмасынан чыга албай кыйналган.

Ссылка: https://barometr.kg/sen-menin-baatyrymsy-valentina-shevchenko-ezhesin-koldogon-bildirsn-blsht



Добавить комментарий