"Семирип кетиптир, бул эмнеси?" Бактыгүл Бадыеваны күйөрмандарынын сынына кабылды

20 марта 2019 14:35 16745 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Азыркы өнүккөн заманда айрым сахнадан алыстап кеткен ырчыларды алардын интернет баракчалары аркылуу көрүп жашоосундагы өзгөрүүлөрү жеке жаңылыктары менен таанышып туруу мүмкүнчүлүгү жаралды. Мындай учурда алардын өзгөрүүлөрүн же жашоосун көрүп гана тим болбостон түздөн-түн пикир айтуу, сынга алуу мүмкүнчүлүгү да пайда болду. Мындай мүмкүнчүлүктү тартуулаган интернет барактарынын бири бул - Инстаграм.

Кыргыз эстрадасынын ырчы-чоорчулары да бул соцтармактан артта калган эмес. Алсак сахнадан алыстап үй-бүлөлүк жашоону тандаган ырчы Бактыгүл Бадыева да күн сайын инсаграм баракчасынан эл менен амандашып турат. Анын инстаграмдагы катталуучуларынын саны 578 миңден ашуун.

Ырчы турмушка чыккандан кийин салмак кошуп, учурда бир аз толуп алган кези. Бадыеванын баракчасына акыркы күндөрү жүктөгөн сүрөттөрүн катталуучулары катуу талкууга алышууда.

Алардын басымдуу бөлүгү ырчыны "ашыкча толуп кеткен", "өзүнө карабай койгонго", "ии арыктасаң боло" деген өңдүү сындарын айтышууда, ал эми ырчынын чыныгы күйөрмандары "бул семиздин эмес, бул чыныгы келбет аялдык бакыт" дешип сындарды четке кагышууда. Ал эми мындай сындарга бир нерсе деп жооп берүүдөн алыс.

Эске салсак, учурда Бактыгүл Бадыева 3 кызды тарбиялап чоңойтууда.

Ссылка: https://barometr.kg/semirip-ketiptir-bul-emnesi-baktygl-badyevany-kjrmandarynyn-synyna-kabyldy



Добавить комментарий