Семичкенин ооруларга күнөөсү жок экен

20 июня 2019 20:25 3035 Barometr
Поделиться в:
ok

Бул азыктын ашказан ооруларын пайда кылаарын билсек да семичке чакканыбызды токтотпойбуз. Ошентсе да ашказан ооруларынын пайда болушунда семичкенин эч кандай күнөөсү жок. Ал өзүбүздөн гана көз каранды. Тазаланган семичкени гана сатып алып, чени менен чаксак, семичкенин пайдасын гана көрө алабыз.

Пайдасы

Күн караманын даны - чыныгы витамин кампасы. Болгону жарым стакан семичкеде адамга бир суткада керектелүүчү Е витамини бар. Бул витамин жүрөк ооруларынын, рактын, көрүүнүн начарлашынын алдын алат. Мындан тышкары бул витамин эркектердин сексуалдык кубатын көтөрөт.

Семичке - Д витамининин да булагы. Көп өлчөмдө болбосо да А, В тобунун витаминдери бар.

Ал эми окумуштуулар семичкедеги магнийдин санын эсептеп чыгышып, бул азыкты инфаркттын, атеросклероздун жана башка жүрөк ооруларынын алдын алуучу азыктардын катарына кошушкан. Анткени, 100 грамм семичкеде 311 мг магний бар. Бул кара нандагы магнийге караганда 6 эсе көп дегенди түшүндүрөт. Күнүнө 100 граммдан семичке чагып турган адам ар кандай жүрөк ооруларынан алыс болот

Психотерапевт

Бул - стресске каршы азык. Семичке чагып отурган адам өзүн бош таштап, бир канча убакытка чейин өзүнүн иштери жана маселелери тууралуу унутат. Окумуштуулардын айтуусуна караганда, семичке чагуу процессинде адамдын психикасы тынчтанып, ал жаман ойлордон алаксыйт жана кандайдыр бир деңгээлде ырахат алат. Зыяндуу адаттардан - тамеки чегүүдөн арылууга жардам берет. Андыктан, семичкени валерьянканын жана психотерапевттин ордун алмаштыра алат деп айтууга болот

Семичке чагуу - машина айдап баратып уктап кетпөөнүн эң жакшы ыкмасы.Спорт менен машыккан, оор жумуш менен эмгектенген адамдар үчүн да семичке пайдалуу, анткени, ал булчуң системаларын бекемдейт.

Зыяны

Семичкени көп чагуу - тиштин эмалынын бузулушуна алып келет.

Күн карама тамыры аркылуу топурактан өзүнө свинец жана кадмий аттуу микроэлементтерди сиңирет. Булар менен күн караманын семичкеси да каныгат. Семичке чагуу процессинде бул микроэлементтер биздин организмге түшөт. Ал эми организмдеги ашыкча кадмий бөйрөк ооруларын, гипертонияны жана акыл-эстин өнүкпөй калуу ооруларын чакырат.

Буттун ревматизм оорусун айрымдар каптагы куурулган ысык семичкеге бутун салып отуруу менен дарылашат. Балким, сиз колдон сатып алган семичке да кимдир-бирөөнүн бут оорусуна даба болгондур.

Энергиялык кубаттуулугу жогору болгондуктан, ашыкча салмактан жапа чегип жүргөндөргө андан бетер маселе кошот.


Ссылка: https://barometr.kg/semichkeni-oorularga-kns-zhok-eken



Добавить комментарий