Баткенде турак жайды жана бала бакчаны селден коргоо аракеттери көрүлүүдө

24 февраля 2020 12:47 577 Barometr
Поделиться в:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан 2020-жылдын “Атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу” иш чарасынын негизинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында Баткен районунун Самаркандек айылынын Кулан участкасында сел жүрүүчү сайдын ичин тазалоо жана нугун буруу жумуштары башталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Сел жүрүүчү сайдын ичин тазалоо жана нугун буруу үчүн ӨКМден “бульдозер” БМ-10 инженердик техника тартылып, 2000 метр аралыкта иштөө жумуштары башталып, тазалоо иштердин натыйжасында Жаңыбак, Ортосай айылдарындагы турак жайларды жана мектеп, бала бакчалар корголот.

Ссылка: https://barometr.kg/sel-zhrch-sajdyn-ichin-tazaloo-zhana-nugun-buruu-chn-kr-kmnen-buldozer-bm-10-inzhenerdik-tehnika-tartyldy



Добавить комментарий