Сузак районунда жер титиреди
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 8-декабрь күнү саат 13:07де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Сузак районунун Орток айылында 2,5 жана Сай айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 8-декабрь күнү саат 23:40та Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Күлчү, Шибе айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/sejsmologiyalyk-abal-boyuncha
Добавить комментарий ×