Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

2 декабря 2019 10:32 1265 Barometr
Поделиться в:
ok

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 1-декабрь күнү саат 09:32де Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Аксы районунун Райкомол, Кечүү айылдарында 3 балл, Ит-Сай, Кызыл-Бел, Ак-Жол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

Ссылка: https://barometr.kg/sejsmologiyalyk-abal



Добавить комментарий