Сейит Атамбаевдин «Автомаш-Энерго» ишканасынын документтери алынды

1 ноября 2019 17:20 3158 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Сейит Атамбаевдин «Автомаш-Энерго» ишканасына жүргүзүлгөн тинтүү боюнча Barometr.kg маалымат агенттигине  билдирди. Маалыматта,  2015-жылдан бери салыктык текшерүү жүргүзүлбөгөнүн ,2004-жылы Атамбаевдин баласы «Автомаш-Энергонун» 75% үлүшүнө ээлик кылып, ишкананын кожоюндарынын бири болуп калганы айтылат.

« Үстүбүздѳгү жылдын 23-августунда «Автомаш-Энергонун» мүлкү камакка коюлуп, салыктык текшерүү бекитилген. Ишкананын жетекчилиги ар кандай шылтоо менен салык органдарына тийиштүү документтерди берүүдөн баш тарткан. Ошол себептен 31-октябрда салык органдарына керектүү документтерди алыш үчүн мыйзам чегинде иш-чара жүргүзүлдү», деп кабарланды.

Башкы прокуратуранын маалыматында, 2003-жылы Алмазбек Атамбаев ээлик кылган «Кыргызавтомаш» ишканасынын карамагында «Автомаш-Энерго» ишканасы түзүлгѳн. Ошол убактан бери ал ишкана электр энергиясын алып сатуу менен алектенет.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев бизнес-акыйкатчы Робин Орд Смитке кайрылып, анын ишканасын рейдерлик жол менен басып алуу аракети жүрүп жатканын айтып чыккан. Сейит Атамбаевдин айтымында, ал «Автомаш-Энерго» ишканасын атасы президент болгонго чейинки 2003-жылдан бери эле өз алдынча башкарат.

Ссылка: https://barometr.kg/sejit-atambaevdin-avtomash-energo-ishkanasynyn-dokumentteri-alyndy



Добавить комментарий