Сегиз жашар кыздын ашказанынан 1,5 килограмм чач чыкты

5 марта 2019 11:43 1620 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Кытайда дарыгерлер 8 жашар кыздын ашказанынан 1,5 килограмм чач алып чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя Кытайдын Гуанде шаарында болгон. Кызынын курсагы чоңоюп баратканын ата-энеси байкап калып дарыгерге алып барган. Компьютердик томография жасалгандан кийин кыздын ичинде чач бар экендиги аныкталган. Операция учурунда 8 жаштагы кыздын ашказанынан 1,5 килограмм тоголоктошуп калган чачтын кесеги чыккан. Операциядан кийин кыздын абалы жакшырган.

Дарыгерлер бул тууралуу чачты жеген - бул кадимки эле пикацизм синдрому. Адамдын ашказаны бузулуп, тамакты кабыл албай калганда алар жегенге мүмкүн болбогон нерселерди жей башташат, деп билдиришти.

Ссылка: https://barometr.kg/segiz-zhashar-kyzdyn-ashkazanynan-15-kilogramm-chach-chykty



Добавить комментарий