Сегиз арстанга туруштук берип, аларды кубалаган жирафтын видеосу тарады

15 январь 2020 17:20 2289 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук паркына келген туристтер арстандардын үйүрүнүн жирафка кол салганына күбө болушту. Анын видеосу YouTube сайтына жарыяланды.

Видеонун авторунун айтымында, жирафты сегиз арстан тегеректеп ортого алган.

"Арстандар биринин артынан бири жирафка секирип, аны тиштегенге аракет кылып жатышты", — дейт автор.

Туристтер окуя эмне менен аяктаганын толук көрүшкөн эмес.

Крюгер улуттук паркы Түштүк Африка республикасынын түндүк-чыгышында жайгашкан. Ал жакта бир жарым миңдей арстан, 12 миң пил, 2,5 миң буйвол, миңге жакын леопард жана беш миңдей носорог байырлайт.

Ссылка: https://barometr.kg/segiz-arstanga-turushtuk-berip-alardy-kubalagan-zhiraftyn-videosu-tarady



Добавить комментарий