Талгарбеков Атамбаевге каршы жазган арызын кайтарып алды

30 август 2019 18:05 1273 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Саясатчы Бекболот Талгарбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Талгарбековдун уулу Арстан Талгарбеков билдирди. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевге карата бир нече кылмыш иши козголуп, камакка алынган соң жарандык тартипте соттошуу ниетинен баш тарткан.

"Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча 14 жылга кесилген Бекболот Талгарбеков шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурун абактан чыккан. 

Андан соң  Алмазбек Атамбаев аларды негизсиз түрдө айыптап келгенин жүйө кылып, кадыр-баркын коргоо максатында сотко кайрылган. Талгарбеков мурдагы президенттен 17 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон суранган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/sayasatchy-almazbek-atambaevge-karshy-zhazgan-aryzyn-kajtaryp-aldy



Добавить комментарий