Саудиялык журналист Хашогинин өлүмүнө тиешеси бар экендигин Сауд Арабиясы мойнуна алды

20 октября 2018 13:15 1536 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Саудиялык журналист Хашогинин өлүмүнө тиешеси бар экендигин Сауд Арабиясы мойнуна алды. Бул тууралуу ББС билдирди. Кылмышка шектүү делип 18дей киши камакка алынды. Мунун натыйжасында  Сауд Аравия падышачылыгынын жалпы чалгындоо кызматынын жетекчисинин орун басары Ахмед Асири кызматтан кетти. Андан сырткары, падышанын канцеляриясынын кеңешчиси Сауд ал-Кахтани иштен алынды. Өз кезегинде Сауд Аравиянын падышасы Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд падышачылыктын чалгындоо кызматынын түзүмүн өзгрөтүүнү буюрду. 


Бул окуядан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Сауд Арабиясына айрым санкциялар киргизилээри тууралуу айтты. 

Ссылка: https://barometr.kg/saudiyalyk-zhurnalist-hashoginin-lmn-tieshesi-bar-ekendigin-saud-arabiyasy-mojnuna-aldy



Добавить комментарий