Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасына операция жасалды
Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мохаммад бин Салман Аль Саудга операция жасалды. Бул тууралуу Сауд пресс агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Дарыгерлер лапароскопиянын жардамы менен 35 жаштагы мураскор ханзааданын аппендиксин алышкан. Операция Эр-Рияддагы падыша "Фейсал" атындагы медициналык комплексте өткөн.
Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мохаммад бин Салман өз өлкөсүндө прогрессивдүү реформалардын жактоочусу катары белгилүү. Бирок, укук коргоочулардын айтымында, бул иш-аракетке жамынып, мураскор ханзаада саясий репрессияларды жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну уюштуруп жатат. Мындан тышкары, ал Стамбулдагы Сауд консулдугунун аймагында журналист Жамал Хашкужини мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деп айыпталган. Ошондой эле ханзаада көзөмөлдөгөн атайын кызматтар жарандарды мыйзамсыз көзөмөлдөө жана алардын социалдык тармактардагы аккаунттарын бузуу менен алектенет деп эсептешет.
Ссылка: https://barometr.kg/saud-araviyasynyn-muraskor-hanzaadasyna-operaciya-zhasaldy
Добавить комментарий ×