Сауд Арабиясында өтө турган этно фестивалга Кыргызстандан миңге жакын катышуучу барат

7 февраля 2019 12:07 1847 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Үстүбүздөгү жылдын март айында Сауд Арабияда өтө турган этно фестивалга Кыргызстан дагы катышары маалым болду. Бул тууралуу кабарды Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониянын көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтов билдирди:

"Араб өлкөсүндө өтө турган фестиваль 9-марттан 19-мартка чейин созулат. Бизче айтканда, жөө жарыш боюнча фестиваль болгону жатат. Аталган өлкө 90го жакын мамлекетке чакыруу жөнөтүптүр. Биз дагы үч ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөргөн тажрыйбасы чоң мамлекеттерге киргендиктен өлкөбүздү ар тараптан жогорку деңгээлде көрсөтүүгө аракет кылабыз. Жалпы Кыргызстандан эле миңге жакын катышуучу барат. Учурда маданият, спорт тармагын таанытуу максатында кызуу даярдык көрүлүүдө", - деди Алтынбек Максүтов.

Ссылка: https://barometr.kg/saud-arabiyasynda-t-turgan-etno-festivalga-kyrgyzstandan-mige-zhakyn-katyshuuchu-barat



Добавить комментарий