Сатып алуучу 10 жыл бою 21 миң долларды тыйын менен чогултуп, квартира алды

3 июня 2019 11:45 3495 Barometr
Поделиться в:
ok

Сатып алуучу 10 жыл бою 21 миң долларды тыйын менен чогултуп, квартира алды  

Кытайда көчөдө  туруп алып балык саткан соодагер бир нече жылдан бери топтогон тыйынына квартира сатып алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.   

Соодалашуу үчүн ал ар бири 19 литр болгон 20 бөтөлкөгө салынган тыйындарды жүктөп келген. Банктын 26 кызматкери 4 саат бою санап жатып тыйындарды араң эсептеп чыгышты. Баш-аягы сатып алуучу 151 000 юанды (21,8 миң доллар) чогултканы белгилүү болду. Балык сатуучу мынча тыйынды 10 жыл бою чогултканын айтты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/satyp-aluuchu-10-zhyl-boyu-21-mi-dollardy-tyjyn-menen-chogultup-kvartira-aldy



Добавить комментарий