Сары май шлактарды жана токсиндерди эритүүчү касиетке ээ

7 декабря 2022 08:05 16275 8 Barometr
Поделиться в:
ok

Сары май – майды ээритип, чыпкалоо жолу менен алынган май. Анда ак майга караганда суусу аз болгондуктан  көп убакытка чейин сакталат. Бул тууралу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Сары майдын негизги пайдалуу касиети анын адам организминде тамак сиңирүүнүн энергиясын жогорулаткандыгы болуп саналат. Ал боорго шлак жеткирбестен, тамак сиңирүүгө жардам берет. Репродукциялык системага, интеллектке жагымдуу таасир берип, нерв системасына, ошондой эле адамдын ткандарына да оң таасир тийгизет, ой жүгүртүү процессин, эске тутууну жакшыртат. Ал активдүү радикалдар менен күрөшөт, ал эми аны күн сайын колдонуу организмден токсиндер менен шлактарды алып чыгат!  

Сары майды косметикалык максаттарда колдонууда да керемет күчкө ээ. Ал теринин майда тешикчелери аркылуу тез өткөндүктөн, териге жакшы сиңет. Тери алдындагы катмарлардагы жыйналган туз шлактарын жана токсиндерди эритет. Ошондуктан сары май пайдаланылган процедуралардан кийин тери назик, жылмакай жана жупжумшак болуп калганын байкоого болот.

Сары май айрыкча жаздын шамалдуу жана муздак күндөрүндө пайдалуу. Мурундун былжыр чели кургап калганда мурундун ичин сары май менен майлап койсо, инфекциядан жана суук тийип ооруп калуудан сактайт.

Ссылка: https://barometr.kg/sary-maj-shlaktardy-zhana-toksinderdi-eritch-kasietkee-ee



Добавить комментарий

  • Бурулбубу 4 года назад
    Сары майды жегенде холестеринге кандай таасир берет?
  • Гульбара 4 года назад
    54чыктым кичинекейимен сары май жейм ,апам атам тоолук болгону учун уйдон сары май ,бал узулбойт эле ,азыр да уйумдо дайыма сары май бал болушун жолдошум камсыздайт ,себеби бул ата бабабыз ,бубабыз жеген ,табигый зат
  • Отту алдыргандан кийин зыяны болбойбу,боор да кичине кесилген.
  • Толук кошулам. Байкасаңар кыргыздардын териси жылмакай, өрдөктүкүндөй бүртүкчөлөр жок. Ошондуктан жаш да көрсөтөт. Массаж жасатканда орус туугандар сурай беришээр эле териңердин сыры эмнеде деп, мен койдун куйрук майы менен сары майдын күчү десем ишенбей. Кийин булактарды казып окуп чыгып так ошондой экен деген. Куйрук майда да тоңбогон касиет бар экен кышкысын өтө таасир берген деди эле.