Сары-Челектен түшкөн акчанын 20 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталды
Сары-Челек коругунун тегерегиндеги туризмди өнүктүрүп, андан түшкөн акчанын 20%ын жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында депутат Алмазбек Эргешов билдирди.
Ал быйыл «Сары-Челек» коругунун уюшулганына 60 жыл толуп жатканына токтолду.
"Деӊиз деӊгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан корук 24 миӊ гектар жерди ээлейт. Анда 1000ге жакын жаныбардын түрү бар. Коруктун тегерегинде 1200дөй түтүн эл жашайт. Мурдагыдай кылып, «Сары-Челекке» Илим изилдөө институтунун филиалын ачып, изилдөөлөр жүргүзүлсө жакшы болмок"-деди депутат.
Ошондой эле, 5000 сом алган токойчулардын айлыгын көтөрүү, айылдын инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн бул аймакка туризмден түшкөн каражаттын 20 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушун белгилеп кетти.
Ссылка: https://barometr.kg/sary-chelekten-tshkn-akchanyn-20y-zhergilikt-byudzhetke-kaltyruu-sunushtaldy
Добавить комментарий ×