"Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругу Кумтөргө берилен эмес
«Сары-Чат - Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казууга кайтарылып берилгени тууралуу маалыматка Өкмөт реакция жазады.
Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык кен ишканасына жер аянтынын кайтарылып берилгени тууралуу маалымат да чындыкка дал келбейт.
"Коруктун аймагында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт дагы. Сөз болуп жаткан 16 миң га жер «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругуна кирбейт.
2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес.
Буга байланыштуу баарыңыздарды ММКларда жана социалдык тармактарда тараган ар бир маалыматтын аныктыгына көңүл буруп, ошондон кийин гана тыянак чыгарууга чакырам. Ошону менен бирге Кыргыз Өкмөтү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турарын белгилеп кетким келет.
Белгилүү болгондой, 26 миң гектар жер аянты "Кумтөр Голд Компаниге" 1997-жылы берилген.
Өкмөт Кумтөр боюнча буга чейин кол коюлган макулдашуу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Демек, учурдагы Өкмөт Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуунун шарттарын жакшыртууга жетишип, аны менен бирге өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенме алган жок", - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×