Сапар Исаков тергѳѳ абагына которулду
Поделиться в:
Ооруканада дарыланып жаткан мурунку премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына которулганын адвокаты билдирди.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө 16-август күнү түшкөн. Ага вертебралдык-базелярдык артерия системасынын оорусу (моюн кан тамырларынын кысылышы баш айланууга, ооруга алып келет) жана моюн омурткасы туштагы остеохондроз диагнозу коюлган. Бир нече күндөн кийин дарыгерлер Сапар Исаковдун абалын канааттандырарлык деп табышкан.
Медициналык корутундунун негизинде Сапар Исаковду кайра тергөө абагына которушту.
Ссылка: https://barometr.kg/sapar-isakov-terg-abagyna-kotoruldu
Добавить комментарий ×