Сапар Исаков 18 жылга камалып, дээрлик 247 миллион сомдон ашуун чыгымды төлөөгө милдеттендирилди (Видео)

9 июня 2020 17:17 1076 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратты.

Ага ылайык, Сапар Исаков Кылмыш кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен күнөөлүү деп табылды. Исаков бул иштерден мамлекетке келтирилген 247 миллион 650 миң 281 сомдук чыгымды төлөп бериши керек.

Соттун чечими менен президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева 320-берененин ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыппул салынды.

Сапар Исаковдун, Мира Карыбаеванын жактоочулары Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазышаарын билдиришти.


Ссылка: https://barometr.kg/sapar-isakov-18-zhylga-erkinen-azhyratyp-mamleketke-keltirilgen-247-million-650-mi-281-somduk-chygymdy-tlg-mildettendirildi



Добавить комментарий