Санжар Исабаев: Онлайн сот жыйындары у элдин сот бийлигине болгон ишеничин жогорулатат

9 апреля 2020 10:19 1322 Barometr
Поделиться в:
ok

Исабаев Санжар Мамадиярович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз
Республикасынын Президентинин алдындагы сот реформасы боюнча Кеңештин катчысы
Кыргыз республикасындагы соттук-укуктук реформасы тууралуу айтып берди.

Мурдагы тарыхы:

2012-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын сот системасын мындан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссияны түзүү жөнүндөгү” №61чи Жарлыгы чыккан.

Кыргыз Республикасынын соттук системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ушул Комиссия (мындан ары-Комиссия) кеңешүүчү жана консультативдик орган болгон жана өлкөдө өткөрүлүп жаткан соттук реформанын приоритеттүү багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сот бутагын реформалоо боюнча макулдашылган мамилелерин камсыз кылуу, соттук системаны жөнгө салуучу, судьялардын статусу жана сот адилеттигин жүргүзүүдөгү, ошондой эле, укук коргоо органдарынын жана адвокатуранын ишмердигинде ушул суроолор боюнча көйгөйлөр менен чектеш иштерде мыйзам актыларына, өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү максатында түзүлгөн.

Кийинчерээк, Комиссия, 2012-жылдын 19-20-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын катышуусу менен мамлекеттик жана сот органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасында соттук реформалоо боюнча “Сот реформасы боюнча диалог” аттуу эл аралык конференция даярдаган жана өткөргөн.

Аталган эл аралык конференциянын жыйынтыктарын жалпылоодон кийин, Кыргыз Республикасындагы соттук реформанын Концепциясынын долбоору иштелип чыккан жана 2012-жылдын 27-мартында жана 4-апрелде мамлекеттик жана сот органдарынын, жарандык коомдун, эл аралык эксперттердин катышуусу менен талкууланган.

Талкуунун натыйжаларын жана эл аралык эксперттердин рекомендацияларын көңүлгө алып Концепциянын долбоору кошумча иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилип, бул тууралу 2012-жылдын 8-авгусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында сот адилеттигин мыктылоо боюнча чаралар жөнүндөгү № 147 Жарлыгы чыккан.

Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул Жарлыгы менен, диалогдун негизинде киргизилген Кыргыз Республикасынын сот системасын мындан ары реформалоо боюнча рекомендациялар негиз болуп кабыл алынып жана башкы концептуалдык максаттар, иш-милдеттер жана мындай реформалоонун багыттары аныкталган.

Мындан тышкары, реформанын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын макулдашылган иш-аракеттерин камсыз кылуу үчүн ушул Указ менен Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы соттук реформа боюнча мамлекет башчысынын жетекчилиги астындагы Кеңеш түзүлгөн (мындан ары-Кеңеш).

Кеңеш соттук реформа боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы
кеңешүүчү жана консультативдик орган болуп саналат жана өлкөдө соттук реформанын
приоритеттүү багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын судьяларды тандоо боюнча Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин макулдашылган аракеттерин, соттордун, укук коргоо органдарынын ишмердигин уюштуруу жана жөнгө салуу тартибин, судьялардын статусун жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоо үчүн түзүлгөн.

Кеңештин мүчөлөрү болуп: Жогорку Кенештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, укуктун ар кайсы чөйрөсүнүн адистери жана илимпоз юристтери эсептелет.

Кийинчереек, Кеңештин мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын жана эл аралык
уюмдардын сунуштарын эске алуу менен, сот адилеттигин жүргүзүүдө процессуалдык жана укуктун башка дагы ченемдерин өркүндөтүүгө багытталган эксперттик жумушчу топту түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин буйругу менен бир катар мыйзам долбоорун даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топтор түзүлгөн.

Соттук адилеттик системасын 2011-жылдан 2017-жылга чейин реформалоо үч приоритеттерге негизделген:
1) судьяларды тандоо, мунун алкагында бирден бир негизги болуп судьялык копусту жаңылоо милдети болуп калды, бул бөлүгүндө Судьяларды тандоо Кеңеши түзүлгөн жана иштеген. Судьяларды тандоонун жыйынтыгында Жогорку соттун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатысынын, бардык облустук жана аларга тең соттордун, өлкөнүн бардык облустарындагы жана аларга теңештирилген жергиликтүү соттордун курамдары түзүлгөн жана иштөөдө.

Так ушул бөлүктө тарыхый кайра куруу болуп өттү, судьялык корпус ишке жаңыча мамиле кылган жаш судьялар жана юристтер менен толукталды.

1) Кыргызстандын соттук системасын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүү, бул приоритеттин алкагында «Кыргыз Республикасынын соттук системасын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасы ишке ашырылган.

Экономикалык реалдуулук мамлекеттен сот адилеттигинин бардык системасында бюджетти көбөйтүү, судьялардын жана административдик персоналдын эмгек шарттарын жакшыртуу талап кылынган. Реформанын башталышында бийликтин бир бутагынын - сот адилеттигинин бюджети
– беш эсеге өскөн.

2012-жылдан тартып ар бир жылга карата бюджеттин өзгөрүшүнүн оң динамикасы көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Кыргыз ССРинин Өкмөт Үйүнүн бир имаратына көчүшү сот системасын өнүктүрүүдөгү бирден бир маанилүү кадам болду.

Имарат шаардын борборунда, ыңгайлуу жерде жайгашкан.

Андан ары, сот системасынын имараттарында капиталдуу оңдоолор өткөрүлүп, материалдык-техникалык камсыздоо жакшыртылган.

1) Сот адилеттигин жүргүзүүдө жаңыланган процессуалдык, аткаруу жана башка мыйзамдарды иштеп чыгуу, үчүнчү приоритеттин алкагында Кеңештин жана түзүлгөн эксперттик жумушчу топтун аракети менен сот адилеттигин жүргүзүүдө процессуалдык жана укуктун башка дагы ченемдерин өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдардын долбоорлорун даярдоо 2014-жылдын 30-сентябрына карата аяктаган.

Бул иш соттук реформанын маанилүү приоритети жана анын ачкычтуу тогоосу болуп
саналат.

Маңызы боюнча, сот адилеттигин жүргүзүүнүн негизин мыйзамдуу жаңылоо соттук реформанын негизги мааниси.

Даярдалган мыйзам долбоорлору жарандарды соттук зомбулуктан коргоого, аны максималдуу чектөөгө багытталган.

Ошондуктан мамлекет, судьялык ыктыярдыктын чектерин кошуп алганда, процессуалдык ченемдерди мыктылоого баратат.

Мыйзамдардын биринчи пакети жаңы Жазык кодексин, жаңы «Жоруктар жөнүндөгү» жана «Бузуулар жөнүндөгү», Жазык процессуалдык жана Жазык-аткаруу Кодекстерин
камтыйт.
Мыйзамдардын экинчи пакети жарандык чөйрөгө, жазык укукка тиешелүү жаңы Жарандык процессуалдык кодексти, Кыргыз Республикасынын «Аткаруу өндүрүшү жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндөгү» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү» мыйзамын камтыйт.

Бул мыйзам долбоорлорун соттук тажрыйбаны өркүндөтүү, судьяларды тандоо процедурасы, администрациялык процедуралар жана башка маселелер бөлүктөрү боюнча мыйзам долбоорлорунун үчүнчү пакети толуктайт.

Укук коргоо органдарын реформалоонун жана конституциялык реформанын соттук реформага тийгизген таасири: Соттук реформаны жүргүзүүдө ага, укук коргоо органдарын реформалоо жана конституциялык реформа белгилүү бир таасир тийгизгендигин белгилей кетүү керек.
Ошондой эле, 2016-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын коопсуздук Кеңешинин кезектеги отурумунда укук коргоо органдарын реформалоо жөнүндөгү чечим кабыл алынып жана 2016-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тутумун реформалоо жөнүндөгү» Жарлыгы жарыяланганю

Укук коргоо органдарын реформалоонун негизги жаңычылыгы (новелла) болуп укук коргоо органдарынын ортосундагы бөгөт коюу жана салмакка каршы системасын түзүү, ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын прокуратурасынан кызматтык кылмыштарды териштирүү функциясы чыгарылып жана улуттук коопсуздук жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматка берилген, бирок, кызматтык кылмыштар боюнча кылмыш иштерин козгоо функциялары калтырылган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынан кызматтык кылмыштарды тергөө функциясын алуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылды, мында ушул функция регламенттештирилген, кийин, өткөрүлгөн Конституциялык реформанын алкагында жасалган.

Ошондо, кылмыш ишин козгоо этабы сот реформасын реформалоонун алкагында Жазык-кылмыш процессуалдык кодекс тарабынан олуттуу кайра каралып чыкты.

Ошону менен, соттук реформанын алкагында укук коргоо органдарына киргизилип жаткан жана конституциялык реформага байланыштуу өзгөрүүлөрдү эске алуу менен, кылмыш ишин козгоо институтун анык бир кошумча иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты.

 Мамлекет башчысынын 2019-жылдын мартындагы судьялардын Съездинде органдардын иштерин жана алардын өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформа жана аны цифралаштырууда аракеттешүүсүн күчөтүү зарылдыгы жөнүндөгү чыгып сүйлөгөн сөзүн өзүнчө белгилей кетүү керек.

Азыркы убактагы соттук-укуктук реформа жана ЭРГ боюнча мониторинг: 2019-жылдын 1-январынан тартып, өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарынын тобу күчүнө кирди.

КР жаңы жазык мыйзамдарынын күчүнө киришине чейин Президенттин Аппаратынын, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өткөргөн даярдык иштеринин чоң көлөмү жасалды.

2018-жылы Кеңештин 2 отуруму өткөрүлгөн (май жана декабрь), анда мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун Кыргыз Республикасынын жаңы жазык мыйзамдарына болгон суроолору талкууланып жана тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Мамлекет башчысы Кеңештин мүчөлөрүнүн пикирлерин жана Кеңеште каралган маселелердин маанилүүлүгүн эске алуу менен, 2018-жылдын 22-майында №124чү Жарлык чыгарган.

Жарлыктын башкы максаты – жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформаны алдыга жылдыруу.

Аталган Жарлыкты ишке ашыруу үчүн, Кеңештин катчылыгына олуттуу көмөк көрсөтө турган, соттук-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүүчү өзүнчө эксперттик
жумушчу топ түзүлгөн.

Жаңы кылмыш мыйзамдарынын анча чоң эмес талаш бөлүктөрүнө карата болгон сын пикирлерди өзүнчө белгилей кетүү зарыл.

Мамлекеттик органдар тарабынан бул багытта аныкталган иштер жүргүзүлүп жатат жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиевдин 2019-жылдын 25-февралындагы №99чу буйругу менен соттук-укуктук реформалар алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларындагы боштуктарды жана коллизияларды талдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Аталган ведомстволор аралык жумушчу топ соттук-укуктук реформанын иш-чараларына мониторинг жүргүзүүчү эксперттик топ менен аракеттешет жана мамлекеттик органдардан келип түшкөн колдонуу тажрыйбасынын маалыматтарынын негизинде боштуктарды жана коллизияларды аныктап, жана аларды жоюу боюнча маселелерди иштеп чыгуу боюнча иштерди жүргүзөт. Өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын мааниси аз эмес аспектиси болуп Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши бекитип жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөткөн Кыргыз Республикасында 2019-2002-жылга карата Кыргыз Республикасынын соттук системасын өнүктүрүүнүн Мамлекеттик максаттуу программасынын долбоору саналат, жана ал ушул убакта кароо стадиясында турат.

Келечектеги соттук-укуктук реформа (НСУР - 2013-2018-ж.ж) (ТӨУК)

2018-жылдын 13-авгусунда Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшү боюнча (ТӨУК) Улуттук кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарда өнүгүшү боюнча Улуттук стратегиясынын долбоору кабыл алынган, андагы «3. Мамлекеттик башкаруу» бөлүгүнүн «3.3 бир бөлүкчөсү Адилеттүү соттук системасы».

Ушул бөлүкчөдө жаңы кабыл алынган кодекстер жана мыйзамдарды ишке ашыруу пакеттерин кошо алганда, соттук реформалоонун бир катар багыттары эске алынган. Ошентип, жарандардын жана бизнестин сот системасына болгон ишеничин жогорулатуу масксатында, 2023-жылга карата системанын тунуктугун жана отчеттулугун толук иш жүзүнө ашыруу болжонууда.

Бул коомчулуктун статистикалык маалыматтарга болгон мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

Онлайн-соттук заседаниелер судьялардын чечимдерин адилеттүү (калыс) кылат, жана сот бийлигине болгон элдин ишеничин жогорулатат.

2023-жылга карата сапатын жогорулатуу максатында, соттук иштерди кароо ылдамдыгына жана аларга жол ачыктыкты камсыз кылуу, адистештирилген сотторду – административдик, ювеналдык, инветициялык жана башкаларды түзүү болжонууда.

5-6 жылдын ичинде өлкөнү толугу менен сотторду адистештирүү принцибине өткөрүү
пландаштырылууда.

Ушуну менен бирге, бардык керектүү кадрдык жана инфраструктуралык ресурстарды, ошондой эле, ченемдик укуктук базаны бирдей даярдоо зарыл.

Соттук системаны маанилүү бошотуу (жеңилдетүү) медиация институтунун өнүгүшүнө алып келет, жана судьяларга болгон жүктү азайтууга көмөктөшөт.

Чарбалык жана экономикалык мүнөздөгү бардык талаштар кеңешүүчү органдар (арбитраж), ошондой эле соттор тарабынан каралат.

Талаштарды, өзгөчө салыктар жана бажы талаштарын чечүүнү сотко чейин кароо механизмдерин жайылтуу зарыл.

Ошондой эле, третейлик сотторду өнүктүрүү зарыл.

Соттук чечимдерди аткаруу көп жылдардан бери бир топ төмөнкү деңгээлде калып келүүдө.

Ушуга байланыштуу, аткаруу өндүрүшүн мындан ары жакшыртуу пландаштырылууда.

Соттун Автоматташтырылган маалымат системасы ишке киргизилет.

Сотторго доо арыздарды берүүнүн, документтердин көчүрмөлөрүн алуу жана иштин материалдары менен таанышуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн процедуралары жайылтылат.

Соттук актылардын Мамлекеттик реестри, Кылмыштардын жана жоруктардын (ЕРПП) жана Бузуулардын Бирдиктүү реестри (ЕРН)
түзүлөт.

Соттордо соттук процесстерди аудио-көрмө тасмага түшүрүү аркылуу үчүн техникалык каражаттарды жайылтуу пландаштырылууда.

Муну ишке ашыруу үчүн системанын бардык катышуучулары бир улуттук түйүнгө интеграцияланышат жана цифралык инфраструктураны жаңылоо менен камсыз кылынат.

Цифралаштыруу маселесинин жана аны мындан ары өнүктүрүү жазык, бирок дагы жарандык соттук адилеттигин жүргүзүүдө маанилүүлүгү, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков тарабынан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI съездинде өзүнчө белгиленген.

Ссылка: https://barometr.kg/sanzhar-isabaev-onlajn-sot-zhyjyndary-u-eldin-sot-bijligine-bolgon-ishenichin-zhogorulatat



Добавить комментарий