Санкт-Петербургда жол кырсыгына кабылган кыргызстандык камакка алынды
Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын соту 43 жаштагы кыргызстандык С.Т. 5 суткага камакка алды. Андан ары 2 айга тергөө жайына киргизилди. Унаасы менен жол кырсыгына кабылган кыргызстандык полицияга документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан.
Жергиликтүү басылмалар петербург сотторунун маалымат кызматына таянып билдиришинче, кыргызстандык жаран 20-октябрда маршруттук автобусту башкарып баратып, трамвайдын жолуна чыгып кеткен. Натыйжада трамвай кичи автобусту капталдан урган. Кырсыкты 16 жүргүнчү жапа чеккен, арасында үч бала болгон.
С.Т. полицияга документ көрсөтүүдөн баш тарткан. Шектүү айыбын мойнуна алган. Мындан улам ал “Полициянын мыйзамдуу буйругуна баш ийбеди” деген берене менен камакка алынган.
Кыргызстандын жараны андан ары көптөгөн адамдын ден соолугуна оор жаракат келтирген жол кырсыгына себепкер болгону үчүн 2 айга Тергөө жайына камакка алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/sankt-peterburgda-zhol-kyrsygyna-kabylgan-kyrgyzstandyk-kamakka-alyndy
Добавить комментарий ×