Санкт-Петербургда кыргыз таксистти муунтуп, тоноп кеткен каракчылар кармалды
Ушул жылдын январь айынын башында социалдык тармактарда Санкт –Петербург шаарында такси кызматында эмгектенген кыргыз жарандарына карата кол салуу болгон деген материалдар тараган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Россия Федерациясындагы Кыргызстандын ички иштер министрлигинин өкүлү билдиргендей, биринчи факт 2020-жылдын 5-январында катталган.
Болжол менен саат 23:30дар чамасында Санкт-Петербург шаарындагы «Ветеранов» проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн жанына белгисиз төрт адам такси кызматын чакырган.
«Киа-Рио» үлгүсүндөгү таксиге отургандан кийин азият улутундагы белгисиз адамдар Кыргыз Республикасынын Ош облусунун 1992-жылы туулган тургуну Х.Ш. аттууга кол салышкан. Кылмышкерлер айдоочуну бычак менен коркутушуп, мойнуна жип байлап, муунтуп акча каражатын, 3 уюлдук телефонун алышып, андан сырткары автоунаасынан түшүрүп белгисиз тарапка из жашырып качып кетишкен.
Бул окуя боюнча Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы ички иштер министирлигинин аймактык тергөө бөлүмү тарабынан РФнын Кылмыш жаза кодексинин 162-беренесинин 2, 3 -бөлүмдөрүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин өкүлү жабыр тарткандар менен тыгыз байланышта болуп, бул кылмыштын бети ачылыш үчүн укук коргоо кызматкерлери менен иштешип, аларга болгон жардамды көрсөтүп турушту.
Ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүүлөрдүн белгилери тастыкталган. Алардын ичинен үчөө азият улутунда, 20-25 жаштарда, кара түстөгү куртка кийгендер болсо, төртүнчү шектүү көрүнүшү сакалы бар 30-35 жашта болгон. Көрсөтүлгөн белгилер боюнча Россия Федерациясынын ички иштер министрлигинин Санкт-Петербург шаарындагы жана Ленинград облустарынын ичинде ыкчам издөө иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында ушул жылдын 12-январында бул кылмышка шектүүлөр коңшу республиканын жарандары 1994-жылы туулган Т.Х, 1994-жылы туулган Э.М, 1997-жылы туулган А.Ш жана 1987-жылы туулган А.Б.,аттуу жарандар болгону тастыкталып, уурдалган «КиА-Рио» үлгүсүндөгү автоунаа кайсы жерде экени аныкталган.
Мындан сырткары, ушул эле жылдын январь айында Санкт-Петербург шаарындагы Софийский көчөсүнөн үч белгисиз адам такси жалдашып, ал 1994-жылы туулган Кыргызстандын жарааны болгон. Жолдон кардарлар таксистке балон газы менен кол салышып, анын 15000 акчасын, жеке документтерин, телефонун ошондой эле, банк карточкасын алып качып кетишкен. Бул окуя боюнча Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы ички иштер министрлигинин аймактык тергөө бөлүмү тарабынан, 162-берененин 2,3 бөлүмдөрүнүн негизине иш козголгон.
Тергөө иштери ыкчам жүргүзүлүп, кылмыштын изи сууй электе, 2020-жылдын 9-январында шектүүлөрдүн белгилери тастыкталып, кылмышкерлер кармалган. Кылмышкерлер коңшу өлкөдөн келген бир тууган ага - инилер экени аныкталып, жасаган кылмыш иш аракеттери үчүн кармалышкан.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россиядагы өкүлү Санкт-Петербург шаарынын, Ленинград облусундагы аймактык тергөө бөлүмү менен биргеликте жогорудагыдай кылмыштан жабыр тарткандарды иликтеп, шектүүлөрдүн аларга тиешеси бар же жок экенин аныктап жатышат.
Санкт-Петербургда жашаган жабыр тарткан кыргыз жарандары ИИМдин Россиядагы өкүлүнө ыраазычылыктарын билдиришип ишине так, жоопкерчиликтүү мамиле кылаарын баса белгилешкен. Жабыр тарткандардын туугандары Россияда ИИМдин өкүлчүлүгү бар экенин билбегендерин бул окуядан кийин өкүлчүлүк өздөрү аларды таап кабарлашкандарын билдиришкен. Алардын гана жардамы менен кылмышкерлер табылып мыйзам чегинде жазаларын алгандарын айтышкан.
Жарандар чын дили менен ИИМдин өкүлчүлүгүнө ыраазычылыгын билдиришип, ыкчам аракеттерине, кесибине жоопкерчиликтүү мамиле кылышкандары үчүн эл тарабынан сыйга татыктуу экенин билдиришкен.
Добавить комментарий ×