Санкт-Петербургда кыргызстандыкты сабап өлтүрүштү
Поделиться в:
Санкт-Петербург шаарынын Москва районунда 3-майда Яковлевский көчөсүндөгү №6 үйдүн жанында кыргызстандык жарандын зомбулук менен өлтүрүлгөн денеси табылды. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашты.
Окуя болгон жерге консулдуктун кызматкерлери барып кененирээк маалымат алууга аракет кылышты.
Каза тапкан адам 1989-жылы туулган Кыргызстандын жараны С.Б.К.экени такталды. Чатактан улам аны сабап салышкан жана ушундан улам көз жумган.
Учурда териштирүү иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/sankt-peterburgda-kyrgyzstandykty-sabap-ltrsht
Добавить комментарий ×