Санкт-Петербургда кыргызстандык мектеп окуучулары микроорганиздер тууралуу илимий изилдөөсүн тааныштырышты

26 апреля 2019 23:15 1573 Barometr
Поделиться в:
ok

Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын мектеп окуучулары “Балтика аймагы: кечээ, бүгүн, эртең” деген аталыштагы” окуучулардын  ХIX аймактык илимий практикалык конференциясына катышты.   

Ага ошондой эле Бишкек шаарынын № 28 мектеп-лицейинде окугандар барышты.

Конференцияда 9-класстын жана 10-класстын окуучулары Илим Алманбетов, Айпери Токтогулова жана Айым Торобековалар “Микроорганизмдердин топурактын күрдөөлдүүлүгүнө таасири” деген темадагы изилдөө долбоору менен чыгышты.

Конференциянын жыйынтыгында алар III даражадагы диплом менен сыйланышып жана “Көрүүчүлөрдүн симпатиясынын сыйлыгы” номинациясы боюнча жеңишке жетишти.

Ошондой эле кыргызстандыктар Санкт-Петербургдагы № 77 жалпы билим берүү мектебиндеги окуу иштерине катышып, так электрондук таразалар, лабораториялык эртимелер менен иштешти, ошондой эле мектеп негизделген 1821-жылдан тартып чогултулган материалдар топтолгон мектептин музейинде болушту.

Ссылка: https://barometr.kg/sankt-peterburgda-kyrgyzstandyk-mektep-okuuchulary-mikro-organizder-tuuraluu-ilimij-izildsn-taanyshtyryshty



Добавить комментарий