Санкт-Петербургда кыргызстандык банк тоногонго аракет кылып кармалды

11 ноября 2021 21:24 2275 Barometr
Поделиться в:
ok

Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык Лиговский проспектисинде банкы тоноого аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу россиялык ЖМКларга таянуу менен “Барометр” билдирет. 

Тергөөнүн версиясы боюнча эркек киши 6-ноябрда банктын бөлүмүнө кирип, пневматикалык тапанча менен коркутуп, акча берүүнү талап кылган.Банк кызматкери чукул кырдаал үчүн кнопканы баскан, тоноочу коркуп кетип качып жөнөгөн.

Кечээ бул ишке шектүү кыргызстандык Тельман көчөсүндөгү үйдүн квартирасынан кармалды.Учурда убактылуу кармоочу жайга камалды.

Буга чейин аны Россиянын чегинен мыйзамсыз өткөнү үчүн эки ирет кармашкан, 2020-жылы декабрь айында депортация кылышкан. Бирок ал Россияга кайрадан барган.

Ссылка: https://barometr.kg/sankt-peterburgda-kyrgyzstandyk-bank-tonogongo-araket-kylyp-karmaldy



Добавить комментарий