Санкт-Петербургда үч кыргызстандыкты бычактап кетишти

8 июня 2019 11:29 1756 Barometr
Поделиться в:
ok

Санкт-Петербург шаарынын тургуну үч кыргызстандыкты бычактап кетти. Бул тууралуу «Санкт-Петербургские ведомости» кабарлады.

Полицияга аталган шаардын тургуну кайрылып анын короосунда эркектер мушташып жатканын, бирөөсүнүн колунан бычакты байкаганын айткан.

Окуя болгон жерге полиция барганча Санкт-Петербург шаарынын тургуну үч кыргызстандыкты бычактап салганга үлгүргөн.

Бычактаган адам буга чейин соттолгону маалым болду.

Бычакталган кыргызстандыктар ооруканага жаткырылды. “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/sankt-peterburgda-ch-kyrgyzstandykty-bychaktap-ketishti



Добавить комментарий