Санитардык нормаларды сактабагандарга баш-аягы 900 миң сомдон ашык айып пул салынды
1-майдан 22-майга чейин республиканын оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун кызматкерлери коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуунун алкагында, ӨК жана ӨА режими алынгандан кийин ишмердүүлүгүн жанданткан объекттерди текшерип чыгышты.
Ага ылайык, республика боюнча жалпы 6891 объект текшерилди:
Бишкек – 768;
Ош облусу – 2706;
Баткен облусу – 590;
Жалал-Абад облусу – 543;
Талас облусу – 180;
Ысык-Көл облусу – 1385;
Чүй облусу – 428;
Нарын облусу – 245.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2710 жазма эскертүү, 707 протокол, 9 эскертүү берилди.
Коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн 680 объекттин ээлерине жалпы суммасы 977 миң сомго айыптар салынды. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Добавить комментарий ×